Дүйнөлүк каатчылык, кымбатчылык Кыргызстанда дагы жетишерлик деңгээлде сезилип, азык-түлүккө болгон баалардын өсүшү, анын ичинде эттин баасы 600 сомдон 700-800 сомго чейин көтөрүлүшү карапайым калктын капчыгын эңшерилтип, көпчүлүктү чочутту.
Журналист Төлөгөн Сулаймановдун өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү, аны токтотуунун жолдору тууралуу макаласы жарыяланган. Учурда эттин баасы 700 сомдун тегерегинде кармалып турат. Баалардын мындай кармалышына кечээ кызматтан кеткен мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаевдин салымы бар экенин белгилеп кетебиз.
Төлөгөн Сулаймановдун макаласы өзгөртүүсүз берилди:
«2000-жылдары Россиядагы экономикалык кризис бизге өз таасирин берген. Үйлөр тез арада эки эселеп өскөн. Азык түлүк кымбаттаган. 2008-жылдагы дүйнөлүк кризис да бизди кыйгап өткөн эмес. Кымбатчылык эселеп өскөн. 2019-жылдагы Ковидтен кийин дагы экономика кыйрады. Дээрлик дүйнө экономикасы алсыраган. Бирок, ковидтен кийин дүйнө экономикасы тез өнүгүп жатат. Өзгөчө экономикасы мобилдүү, чакан мамлекеттер.
2022-жылдагы Россиянын аскердик операциясынан биздин экономика оң да, терс да таасирин сезип жатат. Оң жагы реэкспорт, тескери жагы өнүгүү динамикасын инфляция жеп коюп жатат. Экономиканын эң жөнөкөй мыйзамы ушундай, акча көбөйгөндө керектөө көбөйөт, акыры ал инфляцияга алып келет. Тилекке каршы, дал ошол керектелүүчү товарлар, азык түлүктөрдү керектөөдө импорттун үлүшү чоң.
Башкача айтканда, экспорт менен импорттун ортосундагы баланста импорттун сальдосу көптүк кылат. Азыр сырттан келген товарлардын баасы кымбаттап, өлкөгө киргенде асман чапчып кетип жатканы ошондон. Мындан арылуунун бир гана жолу бар. Ички кеңири керектөөчү товарларды өзүбүз өндүрүү жана сырттан валюта алып кирүү үчүн бизден чыккан товарлардын экспорттук көлөмүн көбөйтүү. Мындан башка жол жок.
Мен азыр этке байланыштуу бир нерсени ачык айтайын. Таландыда калам, бирок реалдуулук ушундай. Азыр бизде эттин базар баасы 750-780 сом. Тажикстан менен Өзбекстанда эттин баасы учурда 900-1000 сом. Ошондуктан коңшулар биздин этке дайымкы кардар. Сапат, логистика жагынан алар биздин этке көз каранды. Айрымдар «этти коңшуларга сатпагыла, биздеги эттин баасына таасир этип жатат» дешет. Ооба, таасири бар, бирок, биз аларга этти бекер берген жокпуз да… Этти валютага сатып алып жатат, өлкөгө акча кирүүдө, фермерлер байып жатат, эт менен иштеген ишкерлер бутуна турууда. Эмнеси жаман? Маселен, мындай шартта биз тез арада малды сарайда бордоп саткан фермаларды көбөйтсөк, бизге пайда гана болот. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү бул өзүнчө эле кластердик тармак. Малга жем, чөп, силос даярдаган ишкерлер да көбөйөт. Бул жерде эттин баасы менен коңшу мамлекеттер деле кымбатчылыктан кур калбай жатканын байкайбыз…» – деп журналист Сулайманов.

