Чыңгыз Ажибаев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды


Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Чыңгыз Ажибаев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу өздүк булактарга таянуу менен жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Ажибаев VIII чакырылыштын ишмердүүлүгүнүн башында биринчи вице-спикер болуп шайланган. Ал №1 бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп келген. Анын ордуна Лейлек районунун акиминин мурдагы орун басары Абдикасыт Исаев келиши мүмкүн экени айтылууда.