КР УКМК генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясына жана Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн талапкерлерди тандоону улантууда.
Талапкерлерди ар тараптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү тандоону камсыз кылуу максатында документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 13-мартына чейин узартылды.
КР УКМК тиешелүү талаптарга жооп бергендердин баарын бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, документтерди белгиленген мөөнөттө тапшырууга чакырат.
Кошумча маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.
Маалымат жана документтерге коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий баракчаларында жайгаштырылган.

