Ысык-Көлдө 41 жаштагы аял өзүнө өрт коюп каза болду


2026-жылдын 25-февралында Ак-Суу РИИБге Ак-Суу айылынын 1985-жылы туулган М.А. аттуу жаранынын 2009-жылы туулган, жашы жете элек кызы 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөн.
Бул маалымат Ак-Суу РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Аталган фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан 17 жаштагы өспүрүм кыз суракка алынган. Сурак алуу учурунда мыйзамдуу өкүлү катары катышуудан анын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — баш тарткан (себеби “кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм” деп билдирген).
Буга байланыштуу Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда жашы жете элек өспүрүм кыз суралган.
Ошол эле күнү, 25-февралда саат 21:00 чамасында, жаш өспүрүм кыздын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — “дүкөнгө суусундук алам” деп чыгып кетип, күйүтүнө чыдабай, өзүнүн денесине бензин куюп, өзүн өзү өрттөгөн.
Натыйжада 1985-жылы туулган М.А. Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, алган күйүк жаракаттарынан улам каза болгон.
Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факт боюнча Ак-Суу РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.