Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган долбоордун алкагында суу алуучу скважинанын, суу түтүгүнүн жана резервуарлардын курулушу ийгиликтүү аяктады.
Курулуш-монтаж иштери 2024-жылы башталып, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан аткарылды. Долбоордун жүрүшүндө тереңдиги 50 метр болгон 1 даана суу алуучу скважина казылды. Ошондой эле сууну зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук имарат, кароолчунун имараты жана бир орундуу ажаткана курулду. Объекттин санитардык коргоо аймагы 400 метр узундуктагы тор менен толук тосулду.
Скважинадан резервуарларга чейин диаметри 100 мм болгон ПВХ түтүктөрү аркылуу узундугу 900 метр суу түтүгү тартылды. Мындан тышкары, ар бири 50 куб метр көлөмүндөгү эки резервуар курулуп, айыл элин туруктуу жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылууга шарт түзүлдү.
Объект 2026-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берилди. Долбоордун ишке ашырылышы Согонду айылынын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртып, санитардык-эпидемиологиялык абалды оңдоого, сапатсыз суу булактарын колдонуу коркунучун азайтууга жана калктын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түздү.

