12-февралдын таңында «102» кызматына Шаардык клиникалык ооруканадан эркек киши башынан жаракат алып түшкөнүн билдиришкен.
Текшерүүдө Т.М. аттуу жаранды көчөдө чатакташа кеткен бейтааныш адамдар сабап, башына белгисиз буюм менен чаап салганы аныкталган. Кылмышка шектелип 35 жаштагы 3 киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

