Спортчу Айсулуу Тыныбекова көз жарды


Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова менен жолдошу Бакберген Аттокуров уулдуу болушту. Бул тууралуу түгөйлөрдүн жакындары социалдык тармактарда бөлүшүүдө.

Ал 2025-жылдын январь айында турмушка чыккан. Кош бойлуу экенин 2026-жылдын башында социалдык тармактар аркылуу жарыялаган.