4-мартта ТИМ Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык каттам уюштурулганын билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкекке 90 жаран, Ошко 120 жаран келгени кабарланды.
ТИМ жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланарын белгиледи. Буга чейин каттамдар туруктуу негизде аткарылары айтылган: Бишкекке — шаршемби, жума жана жекшемби, Ошко — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.

