Бугүн, 4-мартта Жогорку Кеңеш тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген документ Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, тилемчиликти азайтуу, коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатын көздөйт.
Мыйзам долбоорунда:
коомдук жайларда жана жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылуу үчүн административдик жоопкерчилик
тилемчиликке тартуунун алдын алуу чараларын жана жазаларды катаалдаштыруу
нормаларды кайталай бузган чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгарууга укуктук негиз түзүү каралган

