Жогорку Кеңеште Кыргызстанда «кислоттук жамгыр» жаашы мүмкүнбү деген кооптонуулар айтылды


Тармактык комитеттин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Ирандагы мунай объектилерине соккудан кийин аба химиялык заттар менен булганып, бул агым Кыргызстан тарапка жылышы мүмкүн деген маалыматтар бар экенин айтты. Ал «кислоттук жамгыр» кайсы аймактарга түшүшү ыктымал экенин жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар-жогун сурады.

Министрдин орун басары Асел Раимбердиева министрлик түз мониторинг жүргүзбөй турганын, көзөмөлдү Гидрометеорология кызматы автоматташтырылган станциялар аркылуу аткарарын билдирди. Буга чейин Ирандын айрым шаарларында «кислоттук жамгыр» жааганы жана абага уулуу заттар чыккан болушу мүмкүн экени айтылган.