Бир катар маалымат булактары журналист Алтынай Арстанбекованын кармалганын билдиришти. Азырынча ага кандай айыптар тагылып жатканы тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Колдо бар маалыматтарга таянсак, Арстанбековага тиешеси бар делген «Даниель Жоошбаев» аттуу фейк баракча аркылуу президентти сындаган жана жарандарга жалаа жапкан материалдар жарыяланып турган. Иликтөө иштеринин алкагында журналисттин үйүнөн бир нече телефон жана ноутбуктар алынганы белгилүү болду.
Булак: https://nazarnews.org/ru/posts/zhurnalistka-altyinaj-arstanbekova-zaderzhana-po-delu-o-fejkovom-akkaunte-daniel-zhooshbaev?fbclid=IwY2xjawQd_TNleHRuA2FlbQIxMQBzcnRjBmFwcF9pZAwzNTA2ODU1MzE3MjgAAR7tQvCWPKgt3PAfGzn_NjGHW4pzEq1x1Wapm50WwdI1QDMZx672eNjQyNtwxg_aem_Yp9PzncpP2IVUL2J9992Yw

