58 жаштагы аял 55 жаштагы күйөөсү менен ичип отуруп, уруша кеткен. Кийин аял ашканадан бычак алып, диванда отурган күйөөсүн моюнга сайган. Ал алган жаракатынан ошол жерде каза тапкан.
Аял буюмдарын даярдап, милициянын келишине даярданып жатып алган. Эртең менен Чүй облустук милицияга чалып кабар берген.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

