Орозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышат


Эмгек кодексине ылайык, 20-марттагы Орозо айт майрамы иш эмес күн болуп эсептелет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, майрамдын алдындагы жумуш күнү бир саатка кыскартылат.

Мындан тышкары, 21-марттагы Нооруз майрамы ишембиге туура келет. Эмгек кодексинин жаңы ченемдерине ылайык, майрам күнү дем алышка туш келсе, эс алуу күнү башка күнгө жылдырылбайт.