26 жаштагы кыз 10дон ашык алдамчылыкка шектелип кармалды


Милиция шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, Telegram аркылуу акчасын көбөйтүп берем деп 40 миң сом алганын билдирди. Андан соң байланышка чыкпай койгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды.