Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, 2025-жылы интернет алдамчылык фактылары боюнча 1 547 кылмыш иши козголуп, анын 830унун бети ачылган.
Анын маалыматы боюнча, жалпы чыгым 826 млн сомдон ашып, анын 73 млн сомго жакыны кайтарылган.
«Адатта жарандар алданып калганын 1-2 күндөн кийин гана түшүнүшөт, ал эми алдамчылар акчаны 1-2 сааттын ичинде эле чыгарып кетишет. Улуттук банк менен биргеликте шектүү которууларды ыкчам бөгөттөө үчүн банктык карталардагы каражаттарды тез арада тоңдуруу системасы киргизилүүдө», — деди ал.
Министрдин орун басары ошондой эле ири суммадагы криптовалюталар менен жасалган алдамчылык учурлары катталганын белгиледи. Мындай учурларда ИИМ кылмышкерлердин мындан аркы операцияларын токтотуу үчүн криптобиржаларга кайрылууларды жөнөтүп жатканын кошумчалады.

