ИИМ: Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды


Ички иштер министрлигине жаран К.Э. арыз менен кайрылып, анда чала тааныш аялдар анын ишенимине кирип, ири суммадагы акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алышканын билдирген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Арызга ылайык, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин өздөрүн «Р.А.» жана «К» деп тааныштырган аялдар жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Бишкек шаарынан базар баасынан арзан батирлерди жана автоунааларды алып берүүнү убада кылышкан. Ошол шылтоо менен алар жабырлануучу менен ар кайсы жерлерде жолугуп, жалпы 90 000 АКШ долларын алдамчылык жолу менен ээлеп алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталып, ал Чүй облусунун тургуну 1984-жылы туулган А.Р. экени белгилүү болгон. Ошондой эле анын 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип келгени жана Чүй областтык адвокатурасынын мүчөсү экени такталган.

Ошондой эле, ал буга чейин дагы бир нече жарандарды ушундай ыкма менен алдап, акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.

Учурда 1984-жылы туулган А.Р. шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде бул жарандардын аракеттеринен жабыр тарткандар же кандайдыр-бир маалыматка ээ болгон адамдар болсо, ИИМдин Тергөө кызматына +996 503 552 200 телефону аркылуу байланышууңуздарды суранабыз.
Тергөө иштери уланууда.