Улуттук банк «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун лицензияларын алмаштырды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, лицензияларды алмаштырууга банктын фирмалык аталышынын өзгөргөндүгү себеп болгон.
Ошентип, 2026-жылдын 12-мартынан тарта банктын жаңы аталышы төмөнкүдөй бекитилди:
- мамлекеттик тилде: «АБанк» ачык акционердик коому («АБанк» ААК);
- расмий тилде: Открытое акционерное общество «АБанк» (ОАО «АБанк»);
- англис тилинде: The open joint-stock company ABank (OJSC ABank).
Буга чейинки берилген лицензиялар банктын аталышы жаңылангандыгына байланыштуу кайра жол-жоболоштурулду.

