Мамлекеттик ипотекалык компания 2026-жылы 20 миңден ашык үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде МИКтин төрагасынын биринчи орун басары Нургазы Атаканов билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы 4 662 үй-бүлө батир алган болсо, эми бул көрсөткүч төрт эседен ашык өсүшү керек.
Учурда республика боюнча 80 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Батирлердин эң көп бөлүгү Бишкекке — 22 996, Чүй облусуна — 22 440 жана Жалал-Абад облусуна — 12 900 туура келет.

