Базар-Коргондук окуучу жеңишке жетти

Сүрөттө Нурсыйда Базаркулова жана Тилек Текебаев
Сүрөттө Нурсыйда Базаркулова жана Тилек Текебаев

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин ТЕМ илимдери боюнча өткөрүлгөн олимпиадасында Базар-Коргон шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин окуучусу баш байгени жеңип алды.

Аталган мектептин хмия, биология мугалими Нурсыйда Базаркуловага ыйгарым укуктуу өкүл ыраазчылык кат тапшырды.

Белгилей кетсек,  Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектеби Базар-Коргон районундагы билим сапаты боюнча алдыңкы мектептердин катарын толуктайт.