Оштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат


17-мартта курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууда бүтпөй калган бардык объектилер министрликтин карамагына өтөрүн билдирди. Бул тиешелүү документтери жок жана иши токтоп калган имараттарды да камтыйт.

Анын айтымында, министрлик мындай объектилерди өзү бүтүрүп, ишке берүүгө керектүү документтерди тариздеп, бөлүнгөн каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөйт. Ошондой эле курулушу бүткөн тогуз объект боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүүдөн кийин подрядчыларга тиешелүү акча каражаттары төлөнөт.