Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Алар ондогон үйлөрду, башка мүлктөрдү мыйзамсыз өздөрүнө өткөрүп алууга шектелип жатышат.
Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жарандарга ири кошумча пайыз менен акча каражатын берип, бирок ар кандай мыйзамсыз жолдор менен жарандардын үй-мүлктөрүнө ээ болушуп келген жарандарга кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күрөөканаачылар жарандарга жогорку пайыздык өлчөмдө акча каражаттарын берип, алардын күрөөдөгү мүлктөрүн мыйзамсыз өздөрүнө өткөрүп алуу фактылары аныкталган.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан күрөөкана ишмердиги менен алектенген Б.О. жана К.К. кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча алар узак убакыт бою жарандардын өтө муктаж абалынан пайдаланышып, оор шарттар менен акча берип, алардын мүлктөрүн өз пайдасына өткөрүп алышкан.
Шектүүлөр Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 48 саатка камакка алынышкан. 2026-жылдын 9-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен К.К. 2 ай мөөнөткө камакка алынып, ал эми Б.О. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, кылмыштуу топтун башка аныкталбаган шериктерин аныктоо багытында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жогоруда аталган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдар болсо, 102 кыска номерине же 0770 710 808 телефон номерине кайрылууну суранабыз.

