Мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурап берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын мурдагы айрым кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, камакка алынган болчу.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан 10-февралда бошотулган.

