Токтогулда жол тейлөө мекемесине айып салынды


Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында доо коюлду.
 Аталган мекемеге караштуу асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү сууну пайдаланганы аныкталган. Бул боюнча №222 токтомдун негизинде 58 миң 320 сом өлчөмүндө доо эсептелди.