Акындардын, жаш акындардын чыгармачылыгына дем берүү жана колдоо максатында Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд, Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка СЫНАК жарыялайт. Бул тууралуу аталган фонддун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

“Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармаларды кабыл алууга старт берилди. Калем кармап ыр жазгандар үчүн кайталангыс мүмкүнчүлүк”, – деп айтылат маалыматта.
Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат.
Конкурска чыгармалар 2026-жылдын 20-мартынан 20-майына чейин кабыл алынат.
Финалдык турга өткөн катышуучулар Ысык-Көл жээгинде жыл сайын өтө турган Чыныбай Турсунбеков 6-поэзия фестивалынын алкагында сыйланышат.
Баш байге ээсине 200 000 сом акчалай сыйлык жана Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат.
Номинация ээлери акчалай сыйлыктар, статуэтка жана атайын дипломдор менен сыйланышат.
Конкурска катышуу үчүн арызды www.tursunbekov.kg сайтынан толтурсаңыздар болот. Ошондой эле 𝗳𝗼𝗻𝗱.𝘁𝘂𝗿𝘀𝘂𝗻𝗯𝗲𝗸𝗼𝘃@𝗴𝗺𝗮𝗶𝗹.𝗰𝗼𝗺 электрондук дарегине жана кагаз (басма) түрүндө төмөндөгү дарекке жибериңиздер
Бишкек ш. Кулиев көчөсү №2, почта индекси 720010
Сурап билу үчүн телефон 0554 72-72-27 (WhatsApp, Telegram)
Конкурстун жобосу жана шарттары менен www.tursunbekov.kg сайтынан тааныша аласыздар.

