Ленин райондук соту 23-февралда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу 23-мартта «Кадам-медиа.кж» сайтына анын мурдагы жарандык жубайы Хабиби Уланова билдирди.
Мияров КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107¹-беренесинин 2-бөлүгү («Жалаа жабуу, б.а. жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернетте башка адамдын кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды таратуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. 19-мартта Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырды.
Буга чейин, 4-февралда Октябрь райондук соту ушундай эле укук бузуу үчүн Нурлан Мотуевге да 20 миң сом айып пул салган. Жабырлануучу Уланованын айтымында, анын өкүлү Мотуев менен Мияровдон 5 миллион сом өлчөмүндө моралдык зыян өндүрүү боюнча доо арыз жолдоду.
Мындан тышкары, Уланова мурдагы жолдошу Мияровдун үстүнөн арыз жазып, анын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси («Эки аял алуу жана көп аял алуу») боюнча кылмыш иши козголду.

