— Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
— Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 88-95-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
— Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында;
— Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
— Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Кырсык болгон учурда “112” кызматына чалууну, зарылдык болбосо алыска жолго чыкпай турууну сунуштайт.

