Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарында КР эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу аземи Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратында уюштурулуп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, достору жана жакындары катышты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз маданиятына кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Андан соң, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекет башчысынын атынан көңүл айтты.
Белгилүү болгондой, Абдыкалык Акматов 2026-жылдын 25-мартында 71 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Ал 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган.
Эмгек жолун 1975-жылы Ош облустук С.Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү болуп баштап, 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук кинематография институтунун актёрдук факультетин аяктап, киноактёр адистигине ээ болгон.
Чыгармачылык жолунда ал өмүрүн толугу менен театр жана кино искусствосуна арнады. Кыргызфильм, Мосфильм жана башка эл аралык студиялар менен кызматташып, “Ак илбирстин тукуму”, “Кайчылаш жолдор”, “Кербез”, “Көчмөндөр”, “Чынгызхандын ак булуту” сыяктуу тасмаларда терең мазмундуу образдарды жараткан. Театр сахнасында да “Манастын уулу Семетей”, “Коркут ата”, “Томирис” сыяктуу спектаклдерде роль аткарган.
Ал Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Кинематографисттер союзу мүчөсү катары улуттук маданияттын өнүгүшүнө жигердүү салым кошкон. Ал татаал турмуштук сыноолорго карабастан, кыргыз элинин тарыхы менен маданиятына көөнөрбөс асыл мурас калтырды.
Актёр Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында, М. Жангазиев атындагы куурчак театрында жана Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры сахнасында ондогон ролдорду жараткан. Акыркы мезгилде “Манас” улуттук театрында эмгектенип, жаш муунга өз тажрыйбасын бөлүшүп келген.
Көп жылдык эмгеги үчүн ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эмгек сиңирген артист” жана “Эл артисти” наамдарына, ошондой эле бир катар республикалык жана эл аралык сыйлыктарга татыган.
Кыргыз элинин өнөрпозу Абдыкалык Акматовдун жаркын элеси анын замандаштарынын, кесиптештеринин, жакындарынын жана жалпы маданият күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

