Интернеттеги видеодон кийин милиция аялын сабаган жаранды камакка алды


Бишкектин Биринчи май районунда үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 27-мартта райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда денесинде соккунун тактары бар аялдын видеосу тараган. Ал күйөөсү сабаганын айтып айыптаган. Милицияга бул тууралуу маалымат 25-мартта кечки саат беш жарымдар чамасында түшкөн.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында милицияга 1995-жылы туулган И.А. аттуу жаран жеткирилди. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча протокол түзүлүп, ал 7 суткага камакка алынды. Ал эми жабырлануучу аял арыз жазуудан жана экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.