Трансгендерлерге аялдар арасындагы Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салынды 


Эл аралык олимпий комитети (ЭОК) аялдардын спорттук категорияларына кабыл алуунун катаал эрежелерин киргизүү боюнча расмий билдирүү жасады. Жаңы регламентке ылайык, комитет тарабынан өткөрүлүүчү жеке жана командалык мелдештерде биологиялык аялдар гана чыга алышат. Спортчунун жынысын аныктоо үчүн SRY (Sex-determining Region Y) генине генетикалык тест колдонулат, бул гендин болушу эркек кишинин өсүү-өнүгүү процессинен өткөндүгүнүн далили катары каралат. Жаңы эрежелер 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадада күчүнө кирет.

Тест тапшыруу процедурасы шилекей же кандын үлгүсүн алуу аркылуу бир жолу жүргүзүлөт: терс жыйынтык спортчу айымга аялдар арасындагы мелдештерге өмүр бою катышууга укук берет. Ал эми тести оң натыйжа берген атлеттер эркектер арасындагы, аралаш же жынысына карап классификацияланбаган категорияларда күч сынай алышат. ЭОК бул чектөөлөр кесипкөй спорттогу адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылууга багытталганын жана массалык же көңүл ачуучу иш-чараларга тиешеси жок экенин баса белгиледи.