Саясатчынын “фанаты” болгонду качан токтотобуз?
Ооба, кай бирөөлөр Жээнбековдун, дагы бири Атамбаевдин, кээ бири Мадумаровдун “дакансасы” болуп алышкан. Мейли ал киши коррупционер, тоногуч, жегич, жер саткыч болсо да ага сөз тургай чаң жугузбай, айтор этегине намаз окуп жибергилери келген “фанаттары” бар. Өз атын, кээде “бет кабын” фейкин дегеним го, жамынып алып беркисин шыбап, өзүнүн “фаворитин” айга-көккө теңеп, аны адамдардын улуусу анан эң эле акылдуусу, калгандарын дөдөйгө салыштырып коёт. Ошентип отуруп элдин арасында кадимкидей “тынч согуш” жүрүп келе жатат. Тиги көктө көкөлөп жүргөнү ошончо мактоодон кийин элеп-желеп болуп учуп, жерге түшкүсү келбей, өзүнчө “эйфорияга” кирип кетип, өзүн чын эле укмуш сезип алат. Арасында дагы эле ошол эйфориядан чыга албай, көп жылдардан бери асманда “учуп” жүргөндөрү бар, ага биз “кемчонтой” эле сезилебиз…
Эгемендик алгандан бери канчалаган журт башчыларын, топ-топ болгон саясатчыларын көрдүк. Бирок ошол Кыргызстан дагы эле ошол боюнча калды, албетте азыркы бийлик уктап жаткан өлкөнү ойготконсуду, президентибиз күн-түн дебей жан үрөп иштеп жатат, аны мен эмес, эмгегинин үзүрү, жыйынтыктары көрсөтүп жатат.
Сыртта 2026-жыл, биз эми гана салынган жолдор үчүн жаш баладай кубанып отурабыз, болбосо 91-жылы эркиндикти алгандан кийин эле салып коюшмак. Чөнтөк толтуруу менен алек болуп отуруп, басып өтө турган жолдорун унутуп калышкан окшобойбу… Мейли эми, байкуш мекен резинкадай эле чоңоюп, байлыгы да ошончо кенен экен, канча тоноп-жешсе да баарына жетип келе жатат. Ал жегендери аш болобу, болбойбу Кудай өзү билет.
Бирок ошондон берки, азыркыга чейинки абалды көрүп, эмнеге биз бир адамдын эмес, бир мамлекеттин “фанаты” болбой жатабыз? деген суроону өзүмө бердим. Жообун ар ким ар кандай берсе керек.
Саясатчы деген келет экен, кайра убакыты келгенде кетет экен, ал эми МЕКЕН бирөө гана! Ошол мекенибиздин, улуу
Кыргызстаныбыздын чыныгы фанаты болгондо гана өлкөбүз өргө карай чыгып, чыныгы өнүгүү жаралат эмеспи… Саясатчы биздин курсагыбызды тойгузбайт, ал өз камын гана, өз кызыкчылыгын гана ойлойт экен, аны мен эмес, тарых тастыктап койбодубу…
Биз азыр адамдардын эмес, мекенибиздин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек эле. Анткени биз эки-экиден ыркырашып турганда мойсоп кирип, акырын четтен тытмалап жей турган “мите курттар” учурду күтүп эле турушат.
Азыр дүйнөнүн абалы чатак, жерде эмес, асманда согуш жүрүп жатканда ойлонолу жана ойгонолу!
Канчалаган өлкөлөр ошондой “мите курттардын” айынан жок болуп кетти, ошолорду көрүп деле арыбызга келбедик. Бизге эч нерсе келбейт деген майда түшүнүктөрдөн арылбасак, эртең кеч болот.
Бир саясатчы жанындагы 20-30 адамды тойгузаттыр, бирок бүтүн бир мамлекетибиз аркылуу жүрөгүбүз ток болуп, жан дүйнөбүз тынч жашап жатабыз.
Сөзүмдүн аягында дагы бир жолу айтарым, бир саясатчынын эмес, Кыргызстандын фанаты бололу!
Автор: Асель Жаныбек

