1-апрелге карата аба ырайы


Бүгүн күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +23…+28, Баткенде +22…+27, Талас аймагында +21…+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.