Бишкектеги ажатканадан 5-6 айлык түйүлдүктүн сөөгү табылды


Бишкек шаарынын Киев көчөсүндөгү имараттардын бириндеги ажатканадан 5-6 айлык түйүлдүктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу  Ленин РИИБинен билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн саат 09:57лер чамасында 102 кызматына ажатканада түйүлдүктүн жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факт Ленин РИИБинде катталып, ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Анын жүрүшүндө 25 жаштагы К.С. аттуу жаран Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан кармалып, Тергөө кызматына алып келинди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.