Бүгүн күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Баткен облустарында +21…+26, Талас аймагында +20…+25, Ош, Жалал-Абадда +22…+27, Ысык-Көл өрөөнүндө +18…+23, Нарын жергесинде +17…+22 градус ысык болот.
Бишкек жана Ош шаарларында ала булут каптап турат. Күндүн табы борбор калаада +23…+25, Ош калаасында +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.

