Мугалим мындай “мамилеге” окуучу баланы сабактан кийин анын коопсуздугу үчүн сыртка чыгарбай койгону үчүн туш болгонун жазган.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 3-апрелде окуя тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 9-март күнү Ош шаарындагы жеке менчик мектептердин биринин мугалими Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда мектепте окуган 1-класстын окуучусунун апасы ургандыгын билдирген. Ушул эле күнү арыз жазган мугалимдин үстүнөн аталган окуучунун апасы дагы арыз жазып, анда ал 1-класстагы баласын мугалим ургандыгын билдирген.
Учурда бул факт боюнча Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен тараптардын кыймыл аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет.

