Бишкек — Ош жолунда эреже бузууларды аныктаган камералар иштей баштады


Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, система аталган жолдун Чүй облусунун аймагындагы бөлүктөрүндө иштеп баштаган.
Аппараттык-программалык комплекстер төмөнкү укук бузууларды аныктайт:

Белгиленген ылдамдыктын чегинен ашыруу;

Карама-каршы тилкеге чыгуу;

Кызыл чыракка өтүү;

Коопсуздук курун тагынбоо;

Жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын аткарбоо;

Мамлекеттик номери жок, жасалма же окулбаган абалда жүрүү;

“Коопсуз шаардын” камераларына түшүп, төлөнбөгөн айып пулдар.

Мекеме комплекстер “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилгенин кошумчалады.