Пакистанда катуу жамгырдын кесепетинен 45 адам каза болду


Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен эң азы 45 адам каза болуп, 105 киши жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 25-марттан тарта каттала баштаган. Селден улам көпчүлүк тургундардын турак жайлары ураган. Атап айтканда, жалпысынан 442 турак жай зыян тартып, алардын 60ы толугу менен кыйраган.

Ошондой эле адистер 6-апрелден 9-апрелге чейин кайрадан катуу жаан-чачын күтүлөрүн эскертишип, зарылдык болбосо кооптуу аймактарга барбоого чакырышты.