Конгодо башталган Эбола вирусу төрт өлкөгө жайылды


2026-жылдын май айында Конгодо башталган Эбола вирусу төрт өлкөгө жайылды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Конгодо ооругандардын саны 9500дөн ашты, алардын ичинен 4600дөн ашыгы каза болду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, оору Борбордук, Чыгыш жана Батыш Африкада, ошондой эле Францияда катталган.

Ооруга каршы учурда вакцина же атайын дарылоо ыкмасы жок.

Инфекцияны тастыктаган акыркы өлкө Нигерия болду.

Африкадан тышкары, оору Францияда аныкталган. Июнь айында Конгодон гуманитардык миссиядан кайтып келген дарыгерде инфекция тастыкталган. Дарылоодон кийин бейтап айыгып, 4-июлда ооруканадан чыгарылган.

Адистердин айтымында, вирустун жайылышына каршы күрөшүүдөгү негизги кыйынчылыктардын бири жуккан адамдарды аныктоодогу кечигүү бойдон калууда. Көп учурларда, диагноздор биринчи симптомдор пайда болгондон көп убакыт өткөндөн кийин же бейтаптар өлкөлөр ортосунда саякаттагандан кийин тастыкталган.