Үй-бүлөлүк басымга шектелген УКМК кызматкери кызматынан убактылуу четтетилди


Бүгүн, 2026-жылдын 6-апрелинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчысына кайрылганы тууралуу маалымат жарыяланды.
Бул кайрылууга байланыштуу КР УКМК ыкчам тартипте көрсөтүлгөн кызматкердин айтылган фактыларга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча УКМКнын жетекчилиги тарабынан бардык жагдайлар толук аныкталып, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан укуктук баа берилгенге чейин тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан мезгилде Б.Р.ди ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынды.