Эдил Байсалов кызматтан кетерин жарыялады


Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын ырастады. Бул тууралуу ал 9-апрелде Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирди.
Байсалов акыркы 4,5 жылда вице-премьерлик кызматты ээлегенин жана бул кызматта турган акыркы күнү Салижан Жигитовду эскерүү кечесине катышып жатканына кубанычта экенин белгиледи.