Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы эки өткөрмө пункт эл аралык макамга ээ болду


Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизген протоколду ратификациялады.

Тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 12-мартында кабыл алынган.

Өзгөртүүгө ылайык, “Камышановка – автожол” өткөрүү пункту “Төмөнкү-Чүй” деп аталып, эл аралык макамга ээ болуп, эми сутка бою иштейт. Ошондой эле “Кичи-Капка – автожол” өткөрүү пункту да эл аралык статус алды.

Бул чечим жарандардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсүн жеңилдетип, жүк ташууну көбөйтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт.