Мырзаке – Кара-Шоро жолунда көчкүнүн кесепеттери жоюлуп, реконструкция иштери башталды


7-8-апрель күндөрү жааган жаан-чачындын кесепетинен Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымындагы Жаман-Тал тилкесинде тоо тектери кулап, көчкү түшкөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №5 жол тейлөө ишканасы дароо атайын техникаларды тартып, тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүп бүттү. Учурда жолду сел сууларынан ишенимдүү коргоо максатында реконструкциялоо иштери улантылууда. Адистер жол төшөмүн 1,5 метрге чейин бийиктетип толтуруп, каттамдын коопсуздугун камсыздоого киришти.

Белгилей кетсек, бул тилке сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактардын катарына кирет. Мурда суу көп келген учурларда жолду сел каптап, унаалардын каттамына олуттуу тоскоолдуктарды жаратып келген. Жолду бийиктетип куруу бул көйгөйдү биротоло чечүүгө багытталган.