Садыр Жапаров көчмөн цивилизациянын мурасы тууралуу талкуу өткөрдү


Садыр Жапаров «Династия, металл, ат» аттуу эмгектин авторлору менен жолугуп, анын негизги идеяларын талкуулады.

Жолугушууда Евразия көчмөндөрүнүн өзгөчөлүктөрү — генеалогиялык түзүлүш, металл технологиялары жана атка байланышкан мобилдүүлүк маселелери каралды. Ошондой эле көчмөн коомундагы бийлик институтунун табияты, жоопкерчилик жана коомдук макулдукка негизделгени белгиленди.

Тараптар өткөндү терең түшүнүү келечекти курууда маанилүү роль ойной турганын баса белгилешти.

Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.