Бишкектин Биринчи май райондук соту саясат таануучу Бактыбек Жумагулов боюнча бөгөт чарасын узартты. Райондук сот тастыктагандай, ал 2026-жылдын 10-июнуна чейин СИЗО-1де камакта болот.
Сот ИИМдин тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырды. Жумагулов кылмышка даярдануу, кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча айыпталууда.

