Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов “Schwihag AG” компаниясынын ишмердиги менен таанышты


2025-жылдын 19-февралында Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов темир жол тетиктерин өндүрүүчү «Schwihag AG» компаниясына иш сапар менен барды.

Ишкананын Тегервилен шаарындагы башкеңсесине жасалган сапардын жүрүшүндө швейцариялык компания өзүнүн акыркы технологияларын, анын ичинде, ийкемдүү рельс бекитүүчү системаларды жана жаңы муундагы жебе которуучу системаларды тааныштырды. Элчи Омар Султанов компаниянын жогорку сапат стандарттары жана эффективдүү иш алып баруу процесстери жөнүндө кеңири маалымат алды.

Жолугушуунун алкагында тараптар «Schwihag AG» компаниясынын технологияларын Кыргызстандын темир жолдорун куруу жана оңдоо иштерине тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле, «Schwihag AG» компаниясынын Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна катышуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Швейцариялык «Schwihag AG» компаниясы 50 жылдан ашуун убакыттан бери дүйнөлүк темир жол тармагына тетиктерди иштеп чыгуу, өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишенимдүү өнөктөш болуп келет.

Компаниянын жебе которуучу компоненттери жана рельс бекитүүчү системалары Европалык Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн, Улуу Британиянын жана Швейцариянын темир жол тармагында чоң суроо-талапка ээ болуп, бул тармактын олуттуу бөлүгүн камсыздайт.