Элчи Омар Султанов Rhatische Bahn AG башкы директору Ренато Фасчиати менен жолугушту


2025-жылдын 19-февралында Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов «Rhatische Bahn AG» компаниясынын башкы директору Ренато Фасчиати менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргызстан тараптан тоолордо темир жол куруу боюнча швейцариялык тажрыйбаны изилдөө үчүн сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Швейцариялык компания «Кур-Ароса» темир жол тилкесинин мисалында тоолуу шарттарда темир жол, анын ичинде тоннелдер жана көпүрөлөрдү куруу жана эксплуатациялоо боюнча өзүнүн тажрыйбасын жана ноу-хауларынтю көрсөттү.

«Rhatische Bahn AG» Швейцариядагы эң ири жеке темир жол компания болуп саналат. 2024-жылы анын жүргүнчүлөрүнүн саны 12 миллионго жеткен. Бул компанияга таандык темир жолдордун жалпы узундугу 385 км түзөт. Ал Швейцариянын түштүк-чыгыш бөлүгүн толук камтыган 9 темир жол линиясына ээлик кылат. Алардын катарында дүйнөгө белгилүү Давос жана Санкт-Мориц курортторуна жетүүчү темир жолдор да бар.