Кара-Сууда унаа жардан кулап, төрт киши каза болду


20-апрель күнү Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Ынтымак-Кызыл-Суу ички чарбалык жолунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, Кочкор-Ата дарыясына түшүп кеткен.

Кырсыктан төрт киши каза болгон. Маркумдардын сөөктөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук бөлүмүнүн куткаруучулары суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Милиция автокырсыктын жагдайларын иликтеп жатканы кабарланды.