Окуучуга кол көтөргөн мугалим ээлеген кызмат ордунан бошотулду


Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган окуя 25-мартта А.П. Гайдар атындагы №22 жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Бирок, сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видео эми гана интернетке чыккан.

Окуядан кийин окуучунун ата-энеси мектепке чакырылып, алар мугалимге карата эч кандай доосу жок экендигин айтышкан.

Аталган мектептин башталгыч классынын мугалими Э.Г. 16-апрелден тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

«Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.