Чүй облустук соту 23-апрелде Көк бөрү федерациясынын мурдагы жетекчиси Талас Бегалиевди бир нече оор кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал сот залынан камакка алынды.
Соттун чечимине ылайык, Бегалиев «Опузалап талап кылуу», «Уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана каржылоо» жана «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптуу деп табылды. Тергөө маалыматтарында анын уюшкан кылмыштуу топтор менен тыгыз байланышта болгону, тагыраагы, маркум криминалдык авторитет «Дөө-Чынгыздын» өкүл атасы экени белгиленген.
УКМКнын маалыматы боюнча, Бегалиев кылмыштуу топтун лидерлери менен биргеликте Аламүдүн районунан баасы 2 миллион долларлык 2 гектар жерди жарандардан тартып алып, өзүнүн туугандарына каттатып алган. Бул кылмыштуу аракеттер ал милицияда жетекчилик кызматтарды ээлеп турган учурда ишке ашырылганы аныкталган.

