2025-жылдын 20-февралында Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын башкы кеңсесине жана заводуна барды.
Сапардын жүрүшүндө элчи компаниянын асма жолдорду жана көтөргүчтөрдү курууда колдонулуучу түрдүү продукцияларынын өндүрүш процесси менен таанышты.
Тараптар Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын Бишкек шаарында асма жол куруу долбооруна катышуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулашты. Бул долбоор борбор калаанын экологиялык жана транспорттук маселелерин чечүүгө олуттуу салым кошмок. Ошондой эле швейцариялык компаниянын Baytik Mountain Resort тоо лыжа кластерин курууга катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө да сөз болду