2026-жылдын 22-апрелинде КР УКМК кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын нотариалдык округунун жеке нотариусу А.К.Г. жана ортомчу катары иш алып барган КР жарандары Х.С.И. менен Т.И.М.ни кармады.
Учурда кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иштин бардык жагдайларын жана башка адамдардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.


